Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ээр-токумсуз, ээр токулбаган, алдына эч нерсе салынбаган. Тору жоргону жайдак жетелеп бирөө чыкты (Абдукаримов). Жекен кээде жайдак тайга минип алып, чаап кетет (Каимов). 2. өт. Эч нерсеси жок, ээн, бош, ачык. Үйдүн жанында, жайдак короодогу уйлар эбак жуушап калган (Элебаев). Өтмөктүн бели анчалык чоң эмес, үстүнө чыкканда жайдак адыр сыяктуу (Байтемиров). Кырчын кез жалгыз сырап өтмөк экен, Кыргыздын жайдак чабар сары атындай (Садырбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ачык-айрым, даалдаган ак көңүл, ичинде эч нерсеси жок. Ал ошондой жайдак төш. 2. Эч нерсеси жок, абдан жупуну, жайсыз. Бой тумары жок барса, шордуу жакыр кызын жайдак төш узатыптыр дешет (Сыдыкбеков). Жалаң от, жайдак төш койчулар Оргочордон орун ала баштады («Ала-Тоо»).